Жашым 20 да. Өзүм Нарындан болом. Ата-энемдин бапестеп чоңойткон жалгыз кызымын. Кудайга шүгүр баары менде баары бар, эч нерседен кем болбой чоңойдум. Мектепти да эң жакшы баага окуп, класстын алдыңкы кыздарынан болуп, мектепти кызыл менен бүттүм. Жогорку окуу жайына окугум келип Бишкек шаарында Медакадемияга тапшырдым. Чоектобосом да ата-энем эч нерседен кем кылышпай мени карашты. 2 агам тең шаарда урушат. Алардын үйүнө 6 ай жашап чыдай албай коюп, кыздар менен чогуу батирге чыгып кеттим. Үч кыз чогуу батирде жашап жүрдүк. Үчөөбүз тең бири-бирибизден өтүп, күндө майрам, күндө той болуп жатты. Шаардык кыздар менен аралашып, алардан дагы курбу таап бат эле өзгөрүлө түштүм. Чылымды чычайтып тарттым жана оңой акча табуу үчүн интернеттен кантип акча табуунун жолун дагы өздөштүрүп алдым. Виртуалдуу кардарларды таап, алардын кумарын кандырга өттүм. Окуу мен үчүн жөн гана экинчи планга калды.

Ал ортодо айылдан апамдар салган акчага кийинмей, ичмей каалагандай тайраңдамай, ойноп күлмөй, айтор алдыңкы күндөрү кандай жашайм? Эмне кылам? Кандай күндү көрөм? Бул үчүн ойлонуп дагы койгон жокмун. Акыркы күндөрү акча түгөнө калса кардарларды батирде тейлөөгө өттүм. Көбүнчөсү чет өлкөдөн келгендер. Алгачкы кардарым корей улутундагы киши болду. Ал мени жактырып калып, кыздык абиийримди ошого арнаганга аргасыз болдум. Менден жашы 13 жаш улуу бирок, өз курагынан бир топ эле жаш көрүнчү. Өзү менин көңүлүмдү калтырбай эмне кааласам ошонун баарын алып берип, жата калса жаңы авто унаа белек кылды. Бир гана жери мага жакпады. Ал үй-бүлөлү эле аны жактырып калганымдыктан мен чоочун адамдарга жолуккан дагы келбеди. Ал өзү дагы каршы болду. Окуумду улантышымды айтып, арадан 3 ай өткөндө кош бойлуу болуп калганымы билдим.

Эми не кылаарымды билбей башымды муштаган бойдон ойлуу олтурам. Эми ата-энемдин эл караган бетин кантип карайм, айылга кантип барам деген миң ойлорго алдырып жүрдүм. Бир жагынан корей улутундагы киши мени турмушка чыгышымды сунуштап, экинчи аял болуп тийишимди айтты. Бул сунушка мен караманча каршы болуп туруп алдым. Азыр болсо кыйналып жашап жаткан кербезим. Токсикоз оорусу менен алышып, абалым күндө-күнгө оорлошуп жаткан учуру. Апамдар азыркы абалымды билсе мени соо койбошуму билип турам. Башыман өткөн оюн-зооктун баарынын азабын эми тартып жатам.

Турмуштан жаңылып жашап жатканыма абдан өкүнөм! Окуум дагы калды алдыда мени кандай жашоо күтүп жатат ал жагы табышмак бойдон. Ата-энемдин мага болгон ишеничин актай албай жер карадым. Акыры ойлонуп боюмдагы баланын атасына турмушка чыгам деп бел байладым. Мындан башка аргам жок калды. Башка эмне кылам, кандай арга табам билбейм. Бир жагынан баланы атасыз калтыргым келген жок. Ал болсо мени сооротуп кыргыздын салты менен ак никелеп алам деп жатат. Ушул кылыгым үчүн ата-энемден кечирим сурайм. Кечир апа мен күнөөмдү мойнума алам!!!

Булак: kadam-media.kg