«360» басылмасы тараткан маалыматка ылайык Москвада кыргызстандык кыз төрөп, баласын ваннага чөктүрүп өлтүргөн.

Белгилүү болгондой 2-апрель күнү ал чөктүрүлүп өлтүрүлгөн өз баласын полиэтилен пакетке салып барып, жашап жаткан үйүнүн жанындагы таштанды салынуучу челекке ыргытып жибергенден кийин түз эле ооруканага барып, өлүү төрөгөндүгүн билдирген.

Бирок, татаал жана белгилүү бир убакытты талап кылуучу соттук-медициналык экспертизаларды өткөрүү жолу аркылуу тергөө органдары ымыркайдын өлүмүнүн чыныгы себептерин аныктап чыгышкан. Кыз РФ Кылмыш кодексинин 105-статъясынын «в» бөлүмүнүн («Ымыркай баланы өлтүрүү») негизинде полиция кызматкерлери тарабынан камакка алынган. Учурда тергөө иштери улантылууда.