Кыргызда бир жаман түшүнүк бар «Сен кечке эле кыз төрөй бересиң» деген. Ажырашуулар да жок эмес. Сиз анын себебин билесизби?

Жалаң кыз төрөй берген келин жаман эмес. Эгерде эркек киши электр-магниттик нурлануу көп чыгарылган жерде иштеген болсо, болоор-болбос ишке тез ачууланып турса мындай эркектерде эркек балалуу болуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе болот экен. Анткени организми чыңалып турат.

Ал үчүн аял да эркек да, сүйүүгө бөлөнүп, жакшы ой менен жүргөндө сиз каалагандай эркек балалуу да кыздуу болууга да мүмкүнчүлүк ачылат экен.

Ошол үчүн аял затын кечке эле жамандап, күнөөлөп туруу да болбойт. Ушуну эске алып койсоңуздар.

Маалымат тиешелүү адистен алынды. Журналист катары элге жайылтуумду өтүндү.

Жийде Зоотбекова