Стратегиялык кызматташуу – кандай стратегия, өлкө калкынын тентип кетүү маселесин чечеби? Коррупция жоюлабы? Орусиянын оюнчугу болбой калабызбы? Чек арада аскерлер өлбөй калабы? ЖОК. Бул эптеп бийликке келүү стратегиясы. Эски ыр, жаңы обон.

Кызык жери байлык менен бийликке азгырылбай эле шайлоого аттанып жаткандары. Б.а конфет жейбиз, бирок таттууга кызыкпайбыз дейт.
Араларында бийлик менен байлыкка кызыкпай эле, бирок 30 жылдан бери бийликтин аркасы менен байлык топтоп, анан эле ууруну кармагыла деп кыйкырган, өлкөнүн азыркы кейпине келүүсүнө түздөн-түз 30 жыл салым кошкон бар.
Кыргызстан шумдук гүлдөп кетебиз, Орустар биздин эле айыл чарба продуктун күтүп шилекейи куюлуп атат деп алдап атып Бажы Биримдигине киргизип, жарым жан кылып, Орусияга кул кылып бергени да бар арасында.

Эң кызык жери жашпыз, сабаттуубуз, демократпыз деген бир топ «жаштын» жаштарды уруп ойнобогон, партиялык диктатор чалдардын айланасында биригүүсү. Учурунда шайлоодо көзүр катары колдонгон партиясынын локомативи болгон Жоомарт Сапарбаев, Гульниза Бейшенбаева сыяктуу жаштарын кийинчерээк акчага айырбаштап алган адамдын айланасында биригүү канчалык сабаттуу адамдын иши. (Текебаев 2012-жылы Гульниза Бейшенбаеваны парламенттен кетирип ордуна Сайдилла Нышановду депутат кылган https://tinyurl.com/y8w9hdzv) Аты эле болбосо Атамекени менен деле иши жок бул кызылдар партиясында демократтар ар дайым (Өмүрбек Абдыракман Ravshan Djeyenbekov)«чужой» болоорун деле сабаттуу адам окуп билип алса болот.

Бир туруп демократ, бир туруп социалист болуп кубулууну азыртадан өздөштүргөн саясий жаштар менен кандай келечек күтүүгө болот, бул чоң суроо???

Азамат Арпачы