Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 5-июндан 10-июнга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу  республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

6-7-июнь күндөрү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 8-9-июнда республиканын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Ошондой эле 5-6-июндарда айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.