АКШ президенти Дональд Трамптын эки ай аралыгында кытай компанияларынын соода биржасына жайгашуу боюнча алгачкы аракеттерин татаалдаштыруучу регулятордук эрежелерди иштеп чыгуу тууралуу тапшырмасы тууралуу Reuters басылмасына комментарий берип жатып.

Кытай ИИМ расмий өкүлү Ген Шуан мындай аракеттер Американын өзү үчүн бир катар кесепеттер менен коштолуусу мүмкүн экендигин айткан.
Өз кезегинде АКШ мамкатчысы Майк Помпео бүткүл дүйнө жүзүндөгү биржаларды NASDAQ фонддук биржасы кабыл алгандай аракеттерге барууга чакырды. Башкача айтканда, аталган биржа баштапкы акцияларды жайгаштыруу эрежелерин татаалдаштыруу менен АКШга чыгууну пландап жаткан кытайлык компаниялардын үчтөн экисинин мындай мүмкүнчүлүктөрүнө чектөө киргизген.
АКШ бийлиги кабыл алып жаткан мындай аракеттери кытай компаниялары менен болгон аудиттин татаалдыгы, отчёттуулуктун ачык-айкын эместиги менен байланыштуу экендигин белгилеп, өз финансылык көрсөткүчтөрүнүн жасалма экендигин моюнуна алган Luckin Coffee Inc кытай компаниясы менен болуп өткөн окуяны буга мисал катары тартышкан.