Reuters басылмасынын билдирүүсү боюнча АКШ президенти Дональд Трамп жакынкы арада өлкөдө эпидемия аяктай тургандыгын жар салды.
Америка лидеринин оюу боюнча коронавирустан улам Штаттарга киргизген санитардык чектөөлөрдү алып салууга мезгил келип жетти. Ошондой эле, ал эмне үчүн айрым губернаторлордун дагы деле болсо чектөөлөрдү кармап отургандыктарына таң калып жаткандыгын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, өткөн жумада АКШ башкы хирургу Жером Адамс өлкөдө болуп жаткан башаламандыктардан улам коронавирустун кайрадан күч алуусу мүмкүн экендиги тууралуу айткан.