Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүндө 2 гектар жерге көп балалуу жесир аялдарга үйлөр курулат.  Бул тууралуу Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов билдирди.
Анын айтымында, учурда 3 үй-бүлөгө үй курулууда.
«Капсула салуу аземине өкмөттүн Ош облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, Алай районунун акими Замир Молдокулов катышты. Бул үйлөр 3 балалуу жесир аялдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет. Үйлөр чет өлкөлүк демөөрчүлөр тарабынан курулууда. Жалпы 76 жаранга үй курулат», — деди Б.Осмонов.

Ошондой эле Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндө да социалдык шаарча түптөлүүдө. Бул тууралуу Куршаб айыл өкмөтүнүн басма сөз катчысы Казыбек Мамасадыков билдирди.
«Социалдык шаарча үчүн Куршаб айыл өкмөтүнөн 2 гектар 90 сотых жер бөлүнгөн. Ал жерге жалпы 100 үй-бүлө жайгаштырылат. Үйлөр жесир аялдар, жетим балдар үчүн курулуп жатат. Учурда 9 үйдүн пайдубалы тургузулууда. Бир корпуста 4 үй-бүлө жашайт. Жалпы 25 корпус курулат. Таза суу, электр жарыгы тартылат. Жетим-жесирлер үчүн бардык шарттар түзүлөт. Аялдар үчүн тигүү цехи, балдар үчүн спорттук аянтчалар да курулат. Бул социалдык шаарча чет өлкөлүк демөөрчүлөр тарабынан курулууда. Курулуш иштери сентябрь айында бүтөрү болжолдонууда», — деди К.Мамасадыков.