Коом

ДСУ беткап кийүүгө байланыштуу позициясын өзгөрттү

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму беткаптарга  карата көз карашын өзгөрттү. ДСУ өкмөттөргө кездемелерден  тигилген беткаптарды коомдук жайларда милдеттүү түрдө кийүүнү  сунуштайт, деп жазат Би-Би-Си.
Пандемиянын башталышында ДСУ коронавирус менен ооругандар, белгилери бар адамдар же алар менен байланышта болгон адамдар гана беткап кийиши керек деп талап кылышкан. Уюм беткаптардын  коргоосуна ишенбестик менен карап колду тез-тез жууп турууну сунуш кылган.

Бирок, акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, беткаптар туура колдонулганда, инфекциядан натыйжалуу коргонууга болот. Уюм жарыялаган изилдөөлөрдө илдеттин  көбөйүп баратканы, адамдарда коронавирус белгилери байкала электе эле  жайылышы мүмкүн экендиги.

 Белгилей кетсек, ДСУ масканы кийүү гана илдеттен коргобой тургандыгын, вирустан сактануу үчүн коргонуу чараларынын толук спектрин сактоо маанилүү экенин билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button