Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Манас» аэропортуна келип, ички каттамдарды калыбына келтирүүгө даярдыктар менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кубатбек Бороновго коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритми жана аэропорттун өткөрүү пункттарынан өткөн жүргүнчүлөрдү текшерүүлөр көрсөтүлдү.

Көрсөтүлгөн датага авиа билети бар жүргүнчүлөргө, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коштоосунда «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторунун аэропорттук терминалдар комплекстерине кирүүгө уруксат берилет.


«Ички каттамдарды калыбына келтирүү инфекциянын жайылуусуна белгилүү бир коркунучтарды жаратат, андыктан бардык контролдоочу органдар текшерүү алгоритмдерин так жүргүзүп, зарыл болгон учурда тез арада жооп бериши керек. Келип жаткан жүргүнчүлөрдү кылдаттык менен көзөмөлдөө керек. Мындан тышкары, жарандар билеттин баасын салыштырмалуу жогору алышат. Тиешелүү органдар бул маселени иштеп чыгып, жөнгө салышы керек ”, — деди биринчи вице-премьер-министр.

Эске салсак, Кыргызстанда ички каттамдар 8-июнда кайрадан жандана баштайт. Вирустун жайылуу коркунучуна карабастан, авиакомпанияларга ички рейстерди жүргүзүүгө уруксат берилген.