Ас Салам алейкум туугандар. Мекендин келечегине кайдыгер карабаган улуттук мекенчил жаңы күчтөр ЭЛДИК КӨЗӨМӨЛ деген кыймыл ачалы деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мекендин келечеги сени дагы ойлондурабы ? Анда аракетинди кыл. Эски жеп тойбогондор, калп эле патриот боло калгандар, акча үчүн деп жүргөндөр убара болбонуздар. Мекендин келечегине кайдыгер карабаган карапайым элдин башын бириктирели деп, жалаң жаштар жаңы жүздөр чогулуп жатабыз. Биздин максат мекенибиздин келечегин сактап калуу. Өзүңүздөр көрүп жаткандай калп эле мекенге күйгөн инсан болуп, бирок түпкү максаттары такыр башка адамдар, мекенибизди карызга батырышып, келечекти туңгуюка жетелеп бара жатышат. Биригели биригиле деп карапайым эл талап кылып жаткан максаттарды биз жаштар саясаты жок эле аракет кылып көрүүнү чечтик. Ата бабаларыбыз кандарын жандарын берип бейиштей болгон мекенди бизге калтырып кеткен. Эми биз дагы келечек урпактарыбызга мекенибизди жакышына кылып өткөрүп берелида. Чындап өзгөрүүнү, онолууну каалап жатсак, анда эски жеп тойбогондорсуз эле биригели деп чечтик. Мекенге күйгөн мекенчил карапайым адамдар абдан көп, бирок баарынын башын бириктирген күч жок болуп жатат. Мына ошол ЭЛДИК КӨЗӨМӨЛ деген кыймыл ачылып баарын көзөмөлдөп туруучу убакыт келди деп ойлоймун. Сен анын адамысын, сен бул партиядасын деп бөлүнүп жүрүп мекен жетим баладай кароосуз калды. Келиңиздер туугандар саясаты жок эле карапайым эл биригели, саясатчымын кыйратып жиберем дегендерден тажадыныздарбы? Анда биз сиздерди күтөбүз .

Талант Алиевичтин Фейсбук баракчасынан алынды