Коом
Кыргыз-Түрк ооруканасы коронавирус менен ооруган жарандарды кабыл алууда
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев, Кыргыз-Түрк ооруканасы коронавирустун орточо оор формасы менен жабыркаган бейтаптарды кабыл ала баштаганын айтты.
Ооруканада 72 койко-орун даярдалып, анын 12си интенсивдүү терапия палаталары.
«Жалпысынан 35 медициналык кызматкер тартылып, алардын арасында кардиолог, пульмонолог жана реаниматолог дарыгерлери бар. Жаңы оорукана бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган», — Н.Усенбаев.