Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы «Кооператор» пансионаты. 2-3 кун мурун ошол жерге барган күбөлөр (эс алуучулар) тартып алышыптыр. Ошол жердеги жетекчиликтин табиятка болгон мамилеси, автордун айтуусунда эс алуу жайынын ичинде бир учурда 100дон ашык бак кыйылган.

Бир кезде бак дарактан көрүнбөглн, ичине кирсен адашып кете тургандай токойлуу пансионатты азыркы күдө ушундай абалга алып келишиптир. Бактарды кыюуу боюнча алдын ала текшерүүлөр болгон экен, бирок тиешелүү органдар бул «частная территория» деген жүйө менен эч кандай чара көргөн эмес.

Негизи мен билгени эс алуу жайы буга чейин профсоюздун карамагында болчу, демек пансионаттын ичинен ар ким жерлерди менчиктеп каалаган боткосун чалып жатат. Жерине канча кызыл китеби болсо дагы, айлана чөйрөгө жасалган мындай мамилени кылмыш деп саноого толук негиз бар. Бактар кышы менен кыйылып, жаз чыкканы аны сата башташканы боюнча маалыматтар бар. Андыктан тиешелүү мамлекеттик органдар бактардын кыйылышы боюнча маалыматты (видеонун негизинде) иликтеп расмий жооп берсениздер. Экологиялык жана коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга бул боюнча расмий кат түрүндө да кайрылабыз. Жаратылышка болгон мындай жапайы мамилени жапа тырмак айыптайлы туугандар!

Самат Асипов

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=3346885608679312&id=100000737188175&d=null&vh=i

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=3346885608679312&id=100000737188175