Эгерде Брюссель менен Пекин Америкадан ташылып жаткан деңиз рактары үчүн бажы алымдарын жыйноону токтотпосо, АКШ президенти Дональд Трамп Кытай менен Евробиримдикке жаңы санкцияларды киргизерин убада кылган.

«Эгерде Евробиримдик тез аранын ичинде бул бажы алымдарын токтотпосо, биз алардын автоунаалары үчүн болгон бажы алымдарын киргизебиз. Албетте, бул алардын киргизген бажы алымдарына барабар болот. Ошондой эле биз мындай санкцияларды Кытайдын товарлары үчүн дагы киргизебиз», — деди АКШ лидери.
Белгилей кетсек, Трамп кечээ күнү Соода-сатык боюнча улуттук кеңештин башчсы Питер Наваррого АКШга ташып киргизилип жаткан кайсы кытайлык товарлар үчүн бажы алымдары киргизилерин тактап чыгууну тапшырган.