Республикалык штабдын уруксаты менен 8-июндан тартып мечиттер иштеп баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.
Анын айтымында, Ош шаары боюнча 72 мечит бар.
«Биз Ош шаарынын казысы менен сүйлөшүп, бардык мечиттер санитардык талаптарды сактап, антисептик, беткаптар менен камсыз болуулары жана социалдык аралыкты сактоолору керектигин билдирдик. Мечитке кирип бара жаткан ар бир жаран беткапты милдеттүү түрдө кийүүгө тийиш. Эгер мечиттерде санитардык талаптар сакталбаса, биз аларды кайрадан жапканга аргасыз болобуз”, — деп билдирди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов.