Россиянын аймагында бир сутканын ичинде 8855 адам коронавирус дарты менен каттоого алынды. Бул тууралууу,
коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдан билдиришти. Бүгүн, 6-июнга карата жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында федерациянын 84 аймагынан бейтаптар табылган.

Учурда Россияда жалпы 458 миң 689 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын ичинен 221 миң адам айыкты. Оору жуктургандан кийин 5725 адам көз жумду.