Fox 5 телеканалынын маалыматына ылайык АКШнын түштүк-чыгышында жайгашкан Жоржия штатында эки моторлуу Piper PA-31T самолёт жерге кулап түшкөн.

Кыйроо учурунда самолёттун бортунда учкуч жана анын төрт үй-бүлө мүчөсү, дагы эки кичинекей бала бар болгон. Алар Индиана штатында сөөк коюу аземине (өлгөнгө) катышуу үчүн Флорида штатынан учуп чыгышкан.

АКШнын жарандык авиациясынын федералдык башкармалыгынын маалыматы боюнча самолёт Жоржия штатындагы Патнам аймагында штормго кабылган. Ошентсе да, авиакатастрофанын чыныгы себептери иликтөө иштеринен кийин гана белгилүү болот.