Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 5-июндан тарта иштей берүүгө уруксат берилген. Бирок мамлекеттик жана менчик бала бакчалардын тарбиячылары толугу менен COVID-19 вирусуна анализ тапшырышы шарт эле.
Мэриядан билдиришкендей, эпидемияга каршы ыкчам комиссия документтерди иштеп чыгып, ал Саламаттык сактоо жана Билим берүү жана илим министрликтери менен макулдашылды.
Эрежелер:
- эртең менен бала кирип келе жатканда дене табы текшерилип, дарыгер кароодон өткөрөт;
- кызматкерлер менен ата-энеден балада вирустун белгилери бар-жогу тууралуу маалымат алынат, анкета толтурулат;
- имараттын ичинде бет кап кийүү керек;
- бала бакча кызматкерлери маал-маалы менен бөлмөлөрдү тазалап, дезинфекциялап турууга милдеттүү;
- бала бакчанын жетекчилиги иш тартибин өзгөртүүсү керек. Мисалы, тайпалар болушунча бири-биринен алыс болуп, байланышпашы зарыл;
- аба ырайы мүмкүндүк берсе, балдарды болушунча сыртта, таза абада кармоого аракет кылынышы керек;
- балдар топтошуп ойнобой, бири-биринен 1,5-2 метр аралыкта болушу керек;
- бөлмөлөр балдар жок кезде желдетилип турушу зарыл. Күнүнө 4-5 ирет 15 мүнөттөн;