Саул Абрамзон: Кыргыздардын туушкандык системасы жөнүндө

Кыргыз коомунда патриархалдык, андан кийин чакан үй-бүлөнүн узакка жашашынын негизинде келип чыккан туушкандык мамилелер үстөмдүк абалды ээлеген. Ошого карабастан туушкандыктын кыргыз системасынын өзүндө, ошондой эле реалдуу турмушта илгерки өткөн тарыхтан келип чыккан туушкандык мамилелердин кээ бир башка формалары да чагылдырылып жана кандайдыр-бир даражада таасирдүү болуп чыкты.

Кыргыздардын туушкандык системасы жана өзгөчөлүгү жөнүндөгү маселе адабиятта бир кыйла кеңири изилденген3. Кыргыздардын туушкандык терминологиясында классификациялык системанын бардык мүнөздүү белгилери бар экендиги далилденген. Кыргыздардын туушкандык терминологиясына сүйлөп жатканга карата мамиле боюнча алардын курагына жараша эркек жагынан туушкандардын көп категорияларынын айырмачылыгы, ал эми энеси боюнча туушкандык үчүн — муун боюнча туушкандык терминдерге бөлүү мүнөздүү.

Туушкандыктын терминдери кыргыз тилинин негизги сөз байлыгына таандык жана кылымдар бою өзгөрбөстөн колдонулуп келген, көптөгөн кылымдар бою туруктуу болуп саналат. Бирок Кыргызстандын ар түрдүү райондорунан чогултулган материалдар бирдей эмес тарыхый шарттардын жана коңшулаш элдер менен узакка созулган карым-катнаштын натыйжасында кыргыз калкынын кээ бир топторунун туушкандык терминологиясында кээ бир айырмачылыктар байкалгандыгы жөнүндө далилдеп отурат.

Айтмакчы, терминдердин кээ бирөөлөрү сөздүн түздөн-түз маанисинде туушкандыктын санак терминдери болбостон «чакыруу» же кайрылуу терминдеринен болорун белгилөө керек. Бул кырдаалды изилдөөчүлөр жетиштүү эске алышкан эмес. Натыйжада, бул маселеге чаташтыруу киргизилип, туушкандыктын туура терминологиясы бурмаланган. Кайрылуу терминдери да жетиштүү туруктуу жана аларды колдонуунун өзүнчө закон ченемдүүлүгү бар. Туушкандык мамилелердин системасында атасы боюнча туушкандык так айырмаланат, буга аталаш деген термин жана энеси боюнча туушкандык (жатындашкиндиктеш ж.б. ) шарттуу колдонулушу мүмкүн. Кыргыздарда туушкандыкты эсептөө эчактан бери эле эркек боюнча жүргүзүлүп, коомдук пикирдин астында дал ушундай туушкандык закондуу күчкө ээ болсо да, бирок күндөлүк турмушта энеси тараптагы туушкандыкка өтө олуттуу маани берилип, энеси тараптан туушкандары өтө жакын деп эсептелген. Кыргыздын «аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө бол» деген макалы бекеринен айтылган эмес».

Туушкандык байланыштардын үчүнчү тармагы — никенин натыйжасында келип чыккан куда-сөөктүк мамилелер. Адабиятта бул мамилелерге ушул убакка чейин дээрлик эч кандай көңүл бурулбай келген. Куда-сөөктүк мамилелер дайыма кыргыз коомунда маанилүү роль ойногон, анын үстүнө алар никелик мамилелердин ошол убакта болгон системасы менен тыгыз байланышта болуп, мында көп учурда энеси тараптан туушкандардын тобу чындыгында аялы тараптын туушкандарынын тобу менен туш келген. Мындай мамилелер «куда-сөөк» деп аталат. «Сөөк» деген түшүнүк акыркы убакта ал качандыр-бир убакта, кыязы, кандаш туушкандык топту билдирсе да куда-сөөктөрдүн тобуна таандык кылынган.

Кыргыздарда туушкандык топтордун келип чыгышы боюнча жакындыкты билдирүү үчүн алтайлыктарга окшош (карындаш — жатындаш деген мааниде) карындаш уругу деген термин колдонулган. М. Г. Левин алтайлыктарда туугандаш сөөктөрдүн бар экендигин белгилеген: «Айрым сөөктөр өз ара туушкандар катары каралат. Сөөктөрдүн ортосундагы бул мамилелер «карындаш» деген термин менен билдирилет. Атасы боюнча туугандык да ушундайча («карындаш» — бир жатындаш) билдирилет».

Куда-сөөк мамилелери (алар жөнүндө IV бапта толугураак айтылган) энесинин бир туугандары (таяке же тага) менен аялдар жагындагы туугандардын (жээн) ортосундагы мамилелер формасында да көрүнгөн. Алар өздөрүнүн өлчөмдөрү боюнча урук-уруу топторунун ичинде да орун алышы мүмкүн. Мамилелердин мындай системасы бекем калыптанган бөлөлүк никелердин негизинде гана келип чыгышы мүмкүн. Куда-сөөктүк боюнча жогоруда айтылган мамилелер, өзүбүз көрүп тургандай, энеси боюнча туушкандыкка түздөн-түз тийиши бар болуп, туушкандык түшүнүгүнүн өзүнүн гана болушу жана жакшы ниетти көрсөтүү менен чектелген эмес. Алар кээ бир расимдерге жеке катышуу менен гана эмес, өз ара материалдык жардам көрсөтүүдөн, коомдук-саясий колдоодон көрүнгөн реалдуу жана көп учурда тыгыз байланыштардын бүтүндөй системасына алып келген. Никенин нормалары да туушкандык системасы менен тыгыз байланышта болгон. Совет мезгилинде кыргыздардын нике нормаларын биринчи болуп Н.П.Дыренкова изилдеген. Кыргыздардын уругун экзогамдык деп атоо менен, Н.П.Дыренкова ошол эле убакта мындай деп мойнуна алат: «Азыркы убакта уруктун ичиндеги экзогамия бул же тигил муундун ар түрдүү уруктарында чектелген. Маселен, моңголдор уругунда жети муундан жакынды аялдыкка албоо адат-салты ушул убакка чейин сакталып калган. Черик уругунда төртүнчү муунда никелешүүгө уруксат берилет, бирок мурда ушул эле урукта жетинчи муундан жакынга үйлөнбөө адат-салты болгон». Кыргыздарда никелик нормалардын системасы укуктук экзогамия менен толук окшоштурулушу мүмкүн эмес. Аларда «муундук» экзогамия принциби үстөмдүк кылган, ошондуктан бул принципти колдонгон адамдардын составы муун өткөн сайын өзгөргөн.

Адаттагы укук эркек боюнча жетинчи муундан кем эмес жакын бир ата-бабанын урпактарынын ортосунда чынында никеге жол берген. Бирок реалдуу турмушта бул никелик тыюу салуулардан бошоңдоо тенденциялары болгон.

Биздин изилдөөлөр кыргыздарда, казактарда жана каракалпактарда нике нормаларынын, экзогамия принциптеринин жана никелик тыюу салуулар бири-бирине шайкеш келерин, мунун кээ бир окшош белгилери өзбектер менен тажиктердин бир катар никелик нормаларында байкалды, бирок буларда да, экинчилеринде да экзогамия кандайдыр-бир даражада жоюлган.

Кыргыз коомунда колдонулуп келген туушкандык даражасы боюнча никени чектөөнүн реалдуу көрүнүшүн, ошондой эле туушкандык никелердин ар түрдүү категорияларынын таркалышын толугураак билүү максатында автор бир канча кыдырып изилдөө сезондорунун ичинде 26 үй-бүлөлүк-туушкандык топторду изилдеген. Бул топтордун курамындагы никелешкен 990 жубайдын туушкандык мамилелери каралган. Никелердин басымдуу көпчүлүгү туушкандыгы жок адамдардын ортосунда же алыс туушкандарынын ортосунда, б.а. колдонулуп келген «муундук» экзогамиянын системасына ылайык кыйылган. Бирок изилденген никелешкен жубайлардын 224 никеси, же 22,6 проценти түз же кыйыр түрдө туушкандык никелердин санына таандык, анын ичинде 87 нике (туушкандык никелердин жалпы санына карата 38,8 проценти) — энеси боюнча туушкандарына таандык.

Кыргыздарда бөлөлөрдүн никеге турушу кеңири таралган. Бөлөлөрдүн никесине (ал түгүл энесинин сиңдиси менен никеге туруу — мындай 12 нике катталды) артыкчылык берилип, кубатталган. Кыргыздардын көп топторуна бөлөлүк жактан кайчылаш никеге туруу мүнөздүү экендигин аныктоого мүмкүндүк болду. Ал эки түрдө тең болгон (таенесинин кызы менен никелешүү жана атасынын эже-карындашынын кызы менен никелешүү), бирок экинчиси бир кыйла сейрек таркаган. Атасынын ага-инисинин кызы менен никеге туруу жалаң гана Кыргызстандын түштүгүндө жолукту. Кыязы алар шарыят жолуна ылайык исламдын таасири астында пайда болсо керек.

Булак: «РухЭш»