Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын Москва регион аралык полиция профсоюзунун төрагасы Михаил Пашкин америкалык тартип сакчыларынын тизе бүгүүсүн өзүн-өзү басынтуучулук деп атады.

«Полиция мыйзамды так сактоосу зарыл. Тизе бүгүп отургандан кийин сени ким полиция кызматкери катары кабыл алат. Америкалык полициянын тизе бүгүп отурганын көрүп шок болдум. Муну мен түшүнгөн жокмун жана түшүнгүм да келбейт», — деген Пашкин «Москва сүйлөйт» деген радиого берген маегинде.

Анын оюу боюнча америкалык полициянын жетекчилери нааразылык акциясына чыккандарга:- «Мен, албетте, киши өлтүрүүгө каршымын, бирок, менин территориямда бул өңдүү башаламандыктардын болуусуна жол бербейм!»-деп кесе айтуусу керек болчу.

Белгилей кетсек, америкалык шаарларда башаламандыктарга барып жатышкан адамдардын тобунун алдында полиция кызматкерлеринин тизе бүгүп отургандыгы чагылдырылган видео социалдык тармактарга тарап кеткен.