Казакстанда инфекцияны жуктуруп алгандардын арасында президент Касым-Жомарт Токаевдин маалымат катчысы Берик Уали дагы бар.

Ал бардык зарыл болгон талаптарды аткарганына карабастан, вирусту жуктуруп алганын, учурда бейтапканада жатканын жана абалы канааттандырарлык экенин билдиргенин казакстандын жергиликтүү  басылмалары жазып чыгышты.

Пресс катчынын айтымында, өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев ишин түзүлгөн тартип боюнча уланта берет. Токаев дайым тест тапшырып турат, анын ден соолугуна коркунуч жарата турган эч нерсе жок.

Маалым болгондой,Берик Уали 2019-жылдын март айында маалымат катчы кызматына дайындалган.

Бүгүнкү күнгө карата коңшу өлкөдө коронавирустан жалпы 7 135 адам айыкса, 53 бейтап каза болду.