Республикачыл сенатор Рик Скотт батыш өлкөлөрүнүн Covid-19 илдетине каршы вакцина иштеп чыгуу аракеттерине Кытай атайылап эле тоскоолдук жаратып жаткандыгын жана бул боюнча аларда күбөлөрдүн бар экендигин жар салды.

«Биз бул вакцинаны иштеп чыгышыбыз керек. Тилекке каршы, Кытай коммунисттик партиясы бул ишке саботаждык кылууда. Албетте, алар вакцинаны биринчилерден ойлоп тапкылары келет», — деп билдирген Би-Би-Сиге берген маегинде. Белгилей кетсек, дагы деле болсо АКШ оору жуктуруп алуулардын саны боюнча (1,8 млн.) дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда келе жатат.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча бүгүнкү күнгө карата АКШда бул илдеттен 110 миң адам каза болгон. Жалпы жолунан АКШда оору жуктуруп алгандардын жана андан каза болгондордун саны акырындык менен төмөндөй баштагандыгына карабастан, Калифорния менен бирге бир катар штаттарда катталган жаңы учурлардын саны дагы деле болсо өсүүдө.