Афганистанда акыркы сутка ичинде Covid-19 илдетинен улам 24 адам көз жумаган. Бул коронавирус башталгандан бери бул өлкөдө катталган эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө оору жуктуруп алгандардын саны 21 миңге жетип калды.

Оору айрыкча Кабул шаарында күч алууда жана каза болгондордун 23ү дал ушул шаардын тургундары болуп саналышат. Шаар губернатору Мохаммед Якуб Хайдаринин билдирүүсү боюнча оору жуктуруп алгандардын саны жогоруда белгиленген сандан алда канча көптүк кылуусу мүмкүн.

Дем алыш күндөн тартып Кабул шаарынын тургундарына сөзсүз түрдө бет кап тагынуу милдеттендирилди.