Бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 1 бейтап каза болду. Нарын облустук ооруканасында 67 жаштагы аял киши көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ушуну менен өлкө боюнча жалпы каза болгондордун саны 23 адамды түзөт.

2020-жылдын 8-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 2 032 учурга жетти.
-Стационарда – 564, алардын ичинен реанимацияда – 3
-Ооруканадан чыгарылды – 1445
-Каза тапты – 23