Коом

Катуу жаандын кесепети Тогуз-Торо районундагы бир катар турак үйлөрдү жабыркатты

Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл аймагында 2020-жылдын 6-июнь күнү саат 19:40 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суулары, Өрнөк айылындагы 6 турак үйдүн короосу жараксыз абалга алып келди. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Өрнөк каналынын 27 метрин, 1 га эгин талаасын, 18 метр ички чарбалык арыктарды, 750 метр ички чарбалык унаа жолду, Казарман-Кара-Суу-Табылгыты унаа жолунун 13-14-чакырымын, Ичке-Коо тилкесинде болжол менен 27 га айдоо аянтты, Мазар-Булак тилкесинде 5 га көп жылдык чөп чабуучу аянттарын сел каптаган.

Жол каттамы жабылган эмес, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button