АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео: «КЭРдин Гонконгго карата жасап жаткан аракеттери бир кездерде фашисттик Германия берген убадасын унутуп коюп, европалыктарды алдап кеткениндей эле кеп. Албетте, Кытай коммунисттик партиясынын Улуу Британия менен болгон келишимди бир тараптуу бузуп, адам эркиндиги тууралуу гонконгдуктарга берген убадасын аткарбай жаткандыгы экинчи дүйнөлүк согуш маалында фашисттик Германиянын бүтүндөй Европа мамлекеттерине каршы чыгуусуна барабар»-деди The Daily Caller басылмасына берген маегинде.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү АКШ менен Кытай мамлекеттеринин ортосундагы мамиле курчуп кеткен. Буга Гонконг улуттук коопсуздугун сактоо жөнүндө Кытай парламенти тарабынан иштелип жаткан мыйзам долбоор себеп болгон. Вашингтондун оюу боюнча бул мыйзам долбоор анын жогорку автономиясына шек жаратат.

Ушундан улам АКШ президенти Дональд Трамп КЭРге каршы санкцияларды киргизерин жана Гонконгдун атайын макамын кайра чакыртып алаары тууралуу билдирүү жасаган. Өз кезегинде Кытай бардык сын-пикирлерди четке кагуу менен Гонконг бул Кытайдын ички иши экендигин айтып келет.