Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Тариел Жоробеков бир жылда канча билим берүү объектиси курулганы тууралуу суроо салды.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, 2019-жылы 38 билим берүү объектиси курулуп бүттү. «Бала бакча, мектептер салынды. 18 объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Дагы 200 объект курулуп баштап курулуп, бүтүш керек», — деди ал.

Учурда, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында «Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “Келечек үчүн билим берүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралууда.