Борбор калаанын Жеңиш аянтында үйдө жана бакчада өстүрүүчү гүлдөрдүн көргөзмө-жармаңкеси өтүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Анда гүлдүн түрлөрүнөн тышкары гүл өстүрүүчү карапалар, жомок каармандарынын бакчага коюлуучу сөлөкөттөрү жана багбанчылыкка керектүү товарлар көргозмөгө коюлган.

Көргөзмөдө гүл өстүрүүнү сүйгөндөр, атайын  адистерден кеңеш алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Шаардык мэриянын маалыматына караганда, гүл көргөзмөсү 15-июнга чейин болот.