Бүгүн, 8-майдан тарта Кыргызстандын бардык аймагындагы мечиттерде жамаат менен намаз окула баштады. Анын ичинде Ош шаарында талаптарды так аткаруу менен Багымдат намазы окулду. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Бүгүн таңгы маал 2 айдан берки тыныгуудан бери Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу мечиттерде талаптарды аткаруу менен Багымдат намазы жамаат менен окулду.

Алгач мечитке келген жамааттын ар биринин дене табы өлчөнүп, антисептикалык каражаттарды колдонуп, өздүк жайнамаз менен мечитке киргизилди.

Андан соң Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин катышуусунда багымдат намазы окулуп, андан соң мечитке келүү тартиби, талаптары боюнча эскертүүлөр берилди.

«Урматтуу жамаат! Талаптарга ылайык Багымдат намазын окудук. Мусулман адам башкаларга үлгү болуусу керек. Тартипти сактоо менен мечит келүүңүздөрдү суранам», — деди Убайдулла ажы Сарыбаев.