Бүгүн, 8-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратынын жанында мурунку президент Алмазбек Атамбаевге каршы митинг өтүп жатат. Ал жерге 40 чакты адам чогулуп, мурунку президентти жазалоону талап кылууда. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча отурум өтүп жатат. Айыпталуучулардын бири — Алмазбек Атамбаев.

Буга чейин 1-июнда аталган жерде А.Атамбаевге каршы чыккандар жана анын тарапташтары митинг өткөргөн болчу.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августтагы Кой-Таш операциясында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын операцияда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» өңдүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Айып коюлган 19 кишиден тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.