Бүгүн, 8-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Элмир Сыдымановдун (@Sydyman) иши каралып, ага сөз берилет. Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар аны 6 жылга эркинен ажыратууну суранган болчу.

Эске салсак, Сыдыманов 17-февралда Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалып, 28-февралда үй камагына чыккан. Ал Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча айыпталып жатат.

Бүгүн соттун имаратынын алдында Элмирди колдоп чогулгандардын арасында туугандары, жакындары, ырчылар Анжелика менен Жан Сабыров да бар. Ал эми Элмир өкүнүп жатканын билдирип, бөлүп-жаруу же кемсинтүү максаты болбогонун, пикирлерге гана жооп кайтарганын белгиледи.

Буга чейин жактоочу Али Магеев сот отурумуна журналисттерди жана айыпталуучунун тарапташтарын киргизүү боюнча өтүнүч келтире турганын билдирген. Учурда сот залындагылар чыгарылып, өтүнүч боюнча чечим күтүү керек экенин айтышты.