Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнө караштуу Жазы-Кечүү айылында калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн алгачкы электр мамычаны орнотуу иштери башталды.

Бул долбоордо 18 чакырым аба чубалгысы тартылат, «Жалалабатэлектро» ААКнын эсебинен каржыланат.

«Биз өткөн айда компаниянын базасында электр мамыча чыгара турган цехтин ачылуу аземине катышканбыз. Ал жерден өндүрүлгөн мамычалар ушул айылга багытталат.Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында бул айыл электр энергиясы менен камсыз болот деп күтүүдөбүз. Долбоордун жалпы суммасы 25 млн.сомду түзөт. «Жалалабатэлектро» ААКоому өз каражатына курат»-деп айтылат маалыматта.