Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Асылбек Жээнбеков Ысык-Көл тууралуу пикирин айтты.

“Кудайдан кыргыз элине берилген эң чоң дөөлөт, береке – бул Ысык-Көл. Аны сакташ үчүн экологиялык пост керек. Ысык-Көлдүн аймагына мынча киши келди, мынча киши чыкты деп адамдардын санын эле эсептебей, албетте биосфералык аймакка күч келүү жагдайын да караш керек. Андыктан кирген адамдар боюнча так көзөмөл уюштуруу маанилүү”, — деди эл өкүлү.