ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюс Женевада, Швейцариядагы уюмдун штаб-квартирасында видео конференция аркылуу пресс-конференция өткөрдү. Анда, ал коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн учурдагы колдонмолорду жаңыртылганын билдирди.

Анын айтымында, бир бет капта үч ар башка кездемелер камтылышы керек.

“Жаңы изилдөөгө ылайык, ДССУ маскалардын кездемелери бери дегенде, үч башка материалдан болушун сунуш кылат. Мына ошондо гана вирустан коргонуу жолу ишеничтүү болот», — деди Гебрейюс.

Булак: NazarNews.kg