Журналист Гульжан Шерипбаева президент С.Жээнбековго кайрылуу жасады. Бул туралуу журналист өзүнүн фейсбук социалдык баракчасына жазып чыкты.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Алдыда мамлекетте үч оор маселе турат, алдын алыңыз! Эң башкысы парламенттик шайлоого мыкты, сатпаган, сатылбаган, эл үчүн кызмат кылып, мыйзамдарды “кнопка” менен эмес, башы менен иштеп чыккан эл өкүлдөрүн тандаңыз…Элвира Суравалдиевага окшогон, базарчы, “чек жыйнаган”, мыйзам эмне экенин түшүнбөгөн эл өкүлдөрү оңой эле эртең Сизди сатып кетишет! 2010-жылы кыска убакыттын аралыгында кабыл алынган Өмүрбек Текебаевдин Баш мыйзамын өзүнүн колуна расмий түрдө белек кылып тапшырып, Баш мыйзамды тез арада өзгөртүү керек! Эгерде, Баш мыйзам менен кадрларыңызды тез арада өзгөртпөсөңүз, өлкөдө өзгөрүү болбойт. Анткени мыйзамдар түшүнүксүз жана бири-бирине карма-каршы болсо, 90% кадрларыңыз, уйку менен соонун ортосунда. Сиз жалгысыз…Америка же башка мамлекетти кылчактап кароонун кажети жок! Американын абалын көрүп турабыз.