Клиникага чейинки изилдөөлөрдүн жыйынтыгында кандын залалдуу оорусуна каршы колдонулуп келген акалабрутиниб препараты коронавирустук инфекцияны дарылоого жөндөмдүү экендиги аныкталган.

Атап айтканда, бул дары каражаты спецификалык белокту блокадалап, гиперсезгенүү процессин басаңдатат. Бул тууралуу Science Immunology журналы жазып чыккан.

Оор абалда жатышкан 19 бейтапка өткөрүлгөн сыноолор акалабрутиниб препараты Брутон тирозинкиназа белогун (ВТК) блокадалап, респиратордук дистресс тобокелдигин төмөндөтөт.
Белгилей кетчү нерсе, ВТК иммунитеттин нормалдуу иштөөсү жана макрофагдардын иши үчүн зарыл болуп саналат.