Кыргызстанда 8-10 июнда жаан-чачын катуу жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. ӨКМ бул боюнча шашылыш билдирүү таратты.
“Тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы өлкөнүн айрым аймактарында секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн”, – деп айтылат билдирүүдө.