Коом

Жалпы республикалык тестирлөө 3 этап менен өткөрүлөт (жадыбал)

Жалпы республикалык тестирлөөгө 41 миң 727 адам катталды, деди билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров 8-июнда брифингде.

Анын айтымында, ЖРТ 3 этап менен өтөт.

1-этап:

21 июнь – негизги тест
22 июнь – предметтик тест
23 июнь – даярдоо иштери
2 этап:

24 июнь – негизги тест
25 июнь – предметтик тест
3 этап:

11-12 июль – кечиктирилген тестирлөө.
Өмүровдун айтымында, 20-июнда жана 23-июнда саат 13:00дөн 17:00гө чейин белгилүү бир себептерден улам катталууга жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт.

«Эгер айрым абитуриенттер чет өлкөдө болуп же Кыргызстанга кайсы бир программалардын алкагында кайтып жаткандар болсо, алар үчүн 11-12-июлда кечиктирилген тестирлөө каралган», — деди ал.

Кечиктирилген тестирлөө үчүн 10-июлда кошумча каттоо жүргүзүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button