Белгилүү болгондой, бүгүн, 8-июнда блогер Элмир Сыдымановдун Бишкектин Октябрь райондук сотунда соттук иши каралды.

Жактоочу блогердин видеосуна кайрадан психо-лингвистикалык комплекстүү экспертиза дайындалганын билдирди.

«Сот Элмир Сыдымановго акыркы сөз бергенге чейин видеого толук түрдө жогорудагыдай экспертиза кылуу өтүнүчүмдү канааттандырды. Эми Элмирдин видеосуна кеңири түрдө экспертиза дайындалат. Бул биз үчүн аябай жакшы болду. Жыйынтыгы бир айга жакын убакытта чыгышы мүмкүн. Азыр ошол себептен соттук отурум токтотулду», — деди жактоочу Али Магиев.