Билл Гейтс: микрочиптерге тиешем жок
Америкалык миллиардер жана «Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс учурда социалдык тармактарда кеңири жайылып жаткан имиштерди четке какты. Бул тууралуу чет элдик маалыматбулактары жазып чыгышты.
Буга чейин, пандемия башталганы «коронавирустан вакцина жасоо менен адамдарга микрочип киргизилет экен, мунун артында Гейтс турат» деген сөздөр таркап кеткен.
«Мен эч качан эч бир микрочиптерге тиешем болгон эмес. Муну четке кагыш да кыйын, анткени мындай нерсе акылга сыйбайт»,-деген ал өткөн жумада журналисттер менен телефон аркылуу өткөргөн басма сөз жыйынында.
Маалым болгондой, Гейтс бир нече жыл мурда эле пандемия коркунучу бар экенин эскертип келген. Ал эми анын фонду COVID-19га каршы күрөшкө жана вакцина ойлоп табууга 300 миллион доллар бөлгөн.