![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/06/ви.jpg)
Коом
Лотар Вилер: «Коронавирустун үчүнчү толкуну да болот»
Германиядагы Роберт Кох институтунун президенти Лотар Вилер калктын 60 же 70%ы ооруп бүтмөйүнчө коронавирус жайыла берет деген пикирин жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
«Пандемиянын шарттарында бул вирус калктын 60-70%ын каптамайынча биз менен болот. Ошондуктан коронавирустун экинчи толкуну болорун билебиз. Ал эми көпчүлүк окумуштуулар үчүнчү толкун болорун айтып жатышат», — деди Вилер.
Учурда, дүйнө жүзү боюнча, 402 миңден ашуун адам вирустан каза болсо, 3 133 664 жаран оорудан сакайышкан.