Австралиялык Флиндерс медициналык клиникасынын окумуштуулары биринчи жолу эмчек сүтүндө коронавирус бар экендигин аныкташкан.
Сегиз айлык эмчектеги баласы бар 40 жаштагы аял коронавирус жуктуруп алган.

ПЦР тестти өткөрүлүп, COVID-19 диагнозу коюлар замат аял баласына эмчек эмизүүнү токтоткон жана көп өтпөй эмчек сүтүндө коронавирус бар экендиги аныкталган.
Вирус балага да жуккан, бирок оору симптомдору байкалган эмес.

Өткөрүлгөн изилдөө иштерине карабастан коронавирустун сүт бездерине кандайча өтүп кеткендиги, ошондой эле вирус балага эмчек сүтү аркылуу жуккандыгы же башкача жолдор менен өткөндүгү азырынча белгисиз бойдон калууда. Бирок, окумуштуулар эне сүтүндөгү коронавируска каршы антителалар баланын вирустан жабыркоосун алдын алган болуу керек деп эсептешет.