Коом

Аксы: Авлетим айылында заманбап, этно-туристтик комплекс курулуп жатат

Жеке ишкер Бообек Нурматовдун демилгеси менен этно-туристтик комплекстин курулуш иштери башталуу алдында турат.

Жалпысынан 0,55га аянтты жеке жарандардын жер тилкесин сатып алып, азыр курулушка даярдыктар жүрүп жатат — деп билдирди Б.Нурматов.

Комплекстин курулуучу жер тилкеси Итагар дарыясынын жээгинде жайгашкандыктан, Аксы райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн корутундусунун негизинде 420 метрлик дамба 18 күндүк тынымсыз эмгектин арты менен курулуп, 27 кожолуктун короосу да бекемделип, элдин ыраазычылыгы айтылды.

Бул заманбап комплекстин проектиси, облус жетекчиси Н.Мирзахмедовго анын Аксы районуна болгон иш сапарында тааныштырылып, өкүл тарабынан колдоого алынды.

Ал жер-жерлерде жеке ишкерлердин демилгеси менен жасалып жаткан иштер жергиликтуу башкаруу органдары тарабынан колдоого алынып, жакындан жардам берилиши керектиги абзел экендигин белгиледи. Ошону менен бирге бул проектинин ишке ашышын жеке көзөмөлүнө ала тургандыгын билдирген. Мындан сырткары облус башчы райондук ӨКБнин жетекчилигине курулганы дамбаны бекемдөө үчүн габион бөлүп берүү тапшырмасын айтып өттү.

Курулуш иштери 3 этап менен өтүп, проекти жеке ишкерлер ортосундагы партнерлук менен жана чет жакта эмгектенген аксылык жеке ишкерлердин салымдары аркылуу каржыланат.

Этно-туристтик комплек ишке кирсе жергиликтүү тургундарга ар тармакта эмгектенүүсүнө 60тан ашуун жумуш ордун камсыз кылса, атайын адистешкен ишкерлер учун 23 кызмат орун каралган.

Жылдыз Олегова, Жалал-Абад медиаборборунун Аксы районундагы кабарчысы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button