Акыркы алты айда өзүмдөн- өзүм шекчил болуп, тыңчыга айланып баратам. Биз үйдө төрт бир тууганбыз. Үч эркек анан бир кыз. Эң улуу байкем үйлөнүп, төрт баланын атасы. Бала багам деп шахтада көмүр казып иштеп жүрүп, кырсыктап оорууканада жатып калды. Дал ошол күндөн тартып, кандайдыр бир ойго келбеген жоорук менен алектенип баштадым. Жеңемдин баскан турганы, кайда барып , ким менен жолукканы мени кызыктыра баштады. Жаман оюмда байкуш байкем ушул аялды багам деп бутунан айрылып отурса, бул шуркуя тынч отурбай ар ким менен жолугуп жүрөт деген ой ээлеп алды. Бир күнү кечинде азыр келем деп чыгып кетип жок, туура эки саат, 25 мүнөттө келди. Бул ого бетер шектенүүнү күчөттү. Телефонун чай ичкен жерге унутуп, душка жуунганы кирип кетиптир. Шашкалактап, андагы номерлерди көчүрүп баштадым. Арасынан беш номер таптым, телефонума сактап, Ватсаптан карасам бүт эле зыңкыйган мырзалар экен. Демим кысылып, эриндеримди тиштеп отуруп калдым. Сыртка чыксам , жеңем камыр жууруп жатыптыр. Калп эле жеңе бирөөгө чалып алайын деп шылтоолоп телофонун алдым да  ачып карасам, жанагы мырзалардын бирөөсү менен жолукмак экен. Дарегин, жолукчу жайын скриншот менен өзүмө сактап алдым. Не кылсам, байкеме жиберип салсамбы, көрсүн аялын деген ой келди. Кайра экөөсүн кармап анан бетин ачыктайын деген ой келип токтоп калдым. Эртеси жеңем чыкыйган бойдон, атыр упа себинип жөнөп калды. Байкатпай ээрчип алдым. Шаардын ортосунда жайгашкан Вефа соода үйүнө кирип кетти. Мен да шек алдырбай бара бердим. Жеңем лифт менен өйдө көтөрүлүп бара жатты. Анан бурчтагы кафеге кирип кетти. Чыксын деп ошол жерде отургучта отуруп, ары бери басып чыдабадым. Акыры кафенин ичине кирсем, бурчтагы столдо жеңем баягы зыңкыйган мырзалардын экөөсү менен отурат. Алдыда тамактын түрү. Алар жеңеме конверт бергендей болду. Нес болуп катып калдым. Эмне кылсам. Барып бетине баарын айтсамбы, байкем төшөк тартып жатса, бул эмне кылганың десемби. Саамга туруп, жанына жакын столго отурдум, эмне деп сүйлөшкөнүн уккум келди. Кычырап кийинген мырзанын бирөөсү сүйлөп жатты. Сен туура түшүн, жолдошуң мыкты жигит, канча ирет чогулуп чай ичтик. Башыңарга күн түшкөндө биз группалаштар колубуздан келген жардамыбызды берели деп чечтик. Балдарыңдын бактысы үчүн  акчаны ал да операция жасаткыла. Биз дагы да колдон келип турганда жардам берип турабыз деди. Жеңем болсо рахматын айтып жатты. Көрсө байкуш жеңем байкемдин операциясы үчүн өзүнүн бирге окуган группалаштарынан акча чогултуп ошону алган экен. Кийин билсем, ал группалаштары бизнес ачып иштешкендер экен. Аз жерден байкемдин бүлөсүн бузуп ала жаздадым. Негизи бирөөнүн турмушуна кийлигишкен жакшы эмес. Менин бул окуям, мага окшоп, агасы, жеңеси, жезде эжесин аңдып шекшигендер болсо сабак болоор.