Депутат Садык Шер-Нияз КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо өнөктүгүндө ар-намыс менен иштөөгө чакырды. Бул тууралуу депутат бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

«Шайлоо өнөктүгүндө КТРК негизги ролу аткарат. Шайлоо учурунда маданиятыбызга жат, ыплас оюндар жүрөт. Ошол шайлоо өнөктүгүндө сиздер ар-намысыңыздар менен иштеп берүүңүздөрдү суранат элем. Бирөөгө көө жабуудан ошол инсандын баска жолун, үй-бүлөөсү бар экенин ойлосок, ушул принциптерди кармап иштеп берсеңер шайлоо өнөктүгү таза болот«, — дейт депутат.

Учурда Жогорку Кеңештин комитетинде КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту каралууда.