Кылмыш-кырсык

Таш-Көмүрдө мэриянын аппарат башчысы каза болду

Таш-Көмүр шаардык мэриясынын аппарат башчысы Темирбек Мырзатаев жол кырсыктын кесепетинен каза болду. Бул  тураалуу жергиликтүү басылмалар жазып, маалыматты Таш-Көмүр шаарынын мэри Рахман Асаналиев ырастаган.

Белгилүү болгондой, 54 жаштагы Т.Мырзатаев 6-июнь күнү Аксы районунда кайын иниси менен бара жатканда кырсыкка кабылган. Кырсыктан улам ал ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми кайын иниси аман калган.

Т.Мырзатаев кечээ, 7-июнда кичи мекени Аксы районунун Аркыт айылында жерге берилди. Ал 2018-жылдан бери Таш-Көмүр шаардык мэриясынын аппарат башчысы болуп эмгектенип жаткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button