Шаардык мэриянын маалыматына караганда №4, №5, №71, №92, №104, №117, №122 жана №185 бала бакчалар ишин жандандырган жок. Учурда анда жайкы оңдоо иштери жүрүүдө.

Калган бала бакчалардын кызматкерлери коронавирусука текшерилип, имараттары дезинфекцияланды.

Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар. Мэрия жүргүзгөн мониторингге ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6 миңге жакын бала барат жана 1600 кызматкер иштейт.

Кечээ бала бакчанын үч кызматкеринен коронавирус табылган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шаартында Кыргызстанда бала бакчалардын иши 23-марттан тартып карантинге жабылган. Өкмөт бала бакчалардын иши 5-июндан тарта жанданарын кабарлаган.