“Ата Мекен” партиясынын шайлоо алдындагы өнөктүгүнүн лидери Жанарбек Акаев болот. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде партия лидери Өмүрбек Текебаев айтты:

«Демек, парламентте ал фракция лидери болот. А эгер биздин фракция коалицияга кирсе, анда Жанарбек спикердин же балким, премьер-министрдин кызматына талапкер болот».

Текебаев Акаевге «тизменин башында символикалык, формалдуу түрдө гана турбастан, жеңишке жетүү, жеңиштин башында болуу деген жооптуу миссия жүктөлүп жатканын» кошумчалады.

Ал эми өзү тууралуу саясатчы сот процесси дагы эле жүрүп жатканын айтып, “Партиянын тизмесинде боломбу-жокпу, белгисиз” деп жооп берген.