Татарстан Республикасынын тергөөчүлөрү атасын бычак менен сайып өлтүрүп, энесин жарадар кылган 18 жаштагы уланга карата иш козгоп, тергөө иштерин баштады.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, 7-июнь күнү түнүчүндө шектүү өз үйүндө (Сабинск районундагы айылдардын биринде) отуруп, 56 жаштагы атасын өлтүрүп, андан кийин 53 жаштагы энесине бычак урган соң үйгө өрт коюп жиберген. Кошуналардын телефон чалуусуна жете келишкен шашылыш кызматтын кызматкерлери жабырлануучуларды ооруканага жеткиргендиктерине карабастан шектүү жарандын атасы ооруканада жан берген.

Тергөө башкармалыгынын маалыматы боюнча шектүү жигит өз күнөөсүн толук моюнуна алган жана бул ишке, башкача айтканда ата-энесин өлтүрүүгө көптөн бери камданып келе жаткандыгын, ага «Ата-энеси ага тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай калышкандыгы» себеп болгондугун айткан.

Ведомстволуктан кошумчалашкандай кылмышты башкаларга оодаруу максатында ал ата-энесинен кийин өзүнө дагы бычак сайып, жеңил жаракат алган.