Коом

Кыз адеби менен кымбат

“Кыз кылыгы менен кымбат” деген кеп бар. Ооба, бул айтылган таасын сөз тээ илгертен бери ооздон-оозго айтылып келгенине турмуш үзү күбө.
“Кыз бала үйдө конок” деп дагы айтылат. Анткени кыз бирөөнүн бүлөөсү экени баарыбызга белгилүү эмеспи. Андыктан “кыз” деген үч тамгадан турган улуу сөзгө ар бир кыргыз кызы татыктуу болгону абзел. Кыз бала көчөдөн кылыктана басып келе жатканы эмне деген кооздук, эмне деген көркөмдүк, эмне деген сулуулук жана сөз менен айтып жеткизе албаган кандайдыр бир касиет жатканына эч ким каршы сөз айта албайт.
Ар бир чыгармачыл адамдар жаз гүлүндөй кулпунган кыз балага эмне деген гана арзуу ырларын арнабады, сүрөтчүлөр ойго келбеген сүрөттөрдү тартып, кыздын улуулугуна баа берип келгени жалганбы? Албетте кыз кылыгы менен жана өзүнө жарашыктуу уяң мүнөзү, аруулугу, кылык жоругу, тоо булагындай кулакка жагымдуу угулган шыңгыр күлкүсү, назик үнү, өрүлгөн чачы, денесин жапкан кийими, сыпаалыгы менен сөз жетпеген сыйга татыктуу болуп келгенин ким тана алат. Илгери кыздар жүктүн бурчунда ийменип сайма сайганы, үндөрүн өктөм чыгарбай сыпаа жана тартынчаак болуп, кыз каадасын сактап келгени эмне деген бийик сапат эле. Ал эми өзгөчө кайран союз тараганы биз ириде кеп кылган “кыз” деген улуу сөзгө көлөкө түшүргөн кээ бир кыздардын жоосунсуз жоруктары азыркы турмушта кездешпей койбойт. Эмнегедир барган сайын жеңил ой кыздардын саны арбып баратканы, албетте өкүнүч тартуулайт.
Өткөндө Филармониянын жанындагы аялдамада бир кыз менен жаш улан кучакташып, өбүшүп турган экен, сүйүүнүн дарегине доо кетирип. Ал жерден менин көзүмө бала эмес, кыздын жоругу көзгө коомсо көрүндү. Андан дагы кыз “Мен сүйгөнүм менен турам” деген белгини, баланын ийнинен мени карап, көз карашы менен билгизгени, чынын айтканда абдан эле осол көрүндү. Мен ичимден аны багып өстүргөн ата менен энени аядым. Кайран эне кызынын бул жоругун көрсө кандай абалда калат эле. Кыздын жаман чыкканы эненин дарегине доо кетирет эмеспи. Бүгүнкү кыз эртеңки келин, бирөөнүн бүлөөсү, балага эне. Ошол өбүшүүнү жана кучакташууну элден жашыруун жерден жасашса, анда ал кыздын дарегине карата эч жаман сөз айтылбайт эле го. Баары бир эркекке караганда аял затынын жашоодогу жолу кууш келет. Дегеним, аял затына ичимдик ичкен, көпкөн, көчөдө кыйкырып жүргөн, балдар менен өбүшкөн, түн катып жүргөн такыр эле жарашпаган жоосун “Улуу сөздө уят жок” деп айтылгандай, биздин элдин идеологиясына кыз баланын тастаңдап, эркек менен көчөдө өбүшүп, жытташканы такыр эле жат көрүнүш экени буга чейин эле айтылып келген, бирок эч тыянак али билине электей. Тээ илгери даанышман Калыгул олуя айткан “кыздан кылык, уулдан урмат, келинден келбет кетет” деген заман келгенине көчөдө ит мышыкча улуу сүйүүнү булгап, кучакташкандардын саны арбыганы далилдеп, улуу туткан каада салттан алыстап бара жатканыбыз кимди болбосун өкүндүрбөй койбойт.
Баарын эле заманга жана модага шылтап, көчөдөн өбүшкөндү кадыресе көнүмүш адатка айлантсак, анда дагы беш-он жылдын ичинде эмне деген балээ болот. Ошол эле өбүшүүнү уят көрбөгөн кыздын сиңдиси эртең эле бойго жетип, ал анда андан жаман нерсени көнүмүш адатка айлантышы турулуу иш экенин, ким тана алат. Албетте, барган сайын өбүшүү бул мактанычка айланып бараткандай элес берет. Бир кезде биз кыз баланын колун кармап койсок бир апта кол жуубай, сүйүнүчүбүзгө сөз жетпеген учур деги качан кайтып келет болду экен? Кайсы бир акылман айткан экен “Сүйөм — деген сөз ооздон чыккан кезден баштап ал сүйүү алсыз” деп. “Чыныгы сүйүү көз караш жана ички туюм менен гана чектелгени узакка созулат” деп дагы айтылган сөз бар. Бирок барган сайын “сүйөм” деген сөз ооз учунан айтылган деңгээлге жетип калган үчүн, өзгөчө жаштар пир туткан сүйүүнүн баркы дагы кетип бара жатканынан белги берет.
Оозду чоюп орусча сүйлөп, чылымды чычайтып чегип, кооз сөздөр менен сүйүүнү барктаган биздин элде качан болду эле. Качан кыз баланын көзүнчө балдар жагымсыз кулакка жат сөздөрдү айтышчу эле. Качан кыз бала абаратын көргөзгөн кийим кийчү эле. Балким ошол жеңил кийим кийген жаман адат, болгон кыздардын жана аял затынын дарегине доо кетирип, көчөдөгү ыпластыктар күчөдүбү? — деген дагы ой пайда болбой койбойт экен.

Бердикожо

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button